2015-2017- жылдарга Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Коррупцияга каршы саясат мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30- мартындагы № 170 “2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
- Бекитилсин:
- 2015-2017- жылдарга Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Коррупцияга каршы саясат мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Иш-чаралар планы (мындан ары-План) 1-тиркемеге ылайык;
- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин иштерин координациялоо боюнча комиссиянын (мындан ары-Комиссия) курамы 2- тиркемеге ылайык;
- 2015-2017-жылдарга Комиссиянын иш планы 3- тиркемеге ылайык.
2. Комиссия зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу үчүн ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдү ишине тартсын.
3. Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүмдөрүнүн жетекчилери:
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын түздөн-түз аткаруу боюнча өзгөчө чараларды көрсүн;
- квартал сайын 5- числодон кечиктирбестен социалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иштерди талдоо жана координациялоо бөлүмүнө Иш-чаралар планын аткаруу тууралуу толук маалыматты берсин.
4. Социалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иштерди талдоо жана координациялоо бөлүмү 15- числого чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
5. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2013-жылдын 18- сентябрындагы №99 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин системасындагы коррупцияга каршы туруу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө” буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2013-жылдын 20-декабрындагы №209 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” №215 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” буйругунун 1-пунктунун 3-абзацын.
6. Документтик камсыз кылуу жана административдик колдоо бөлүмү бул буйрукту Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнө жеткирсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.