Часто задаваемые вопросы

Мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар

Эгерде Сиз:

- жөлөкпул туура эмес чектелген;

- же аны төлөө өз учурунда жүргүзүлбөйт деп эсептесеңиз.

Иштеп жаткан аялдар эмгек боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органына кайрылуусу зарыл.

Жумушсуз аялдаржашаган жери боюнча социалдык өнүгүү органдарына кайрылууга тийиш.

Эгерде Сиз алынган чечимге макул болбосоңуз, анда Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине кайрылуу керек.

2015-жылдын 1-январына карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны  –  37423 адамды түзөт (орточо өлчөм менен  7627,1  сом).

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөө бардык иш күндөрү үчүн:

1.Иш берүүчүнүн өз каражаттарынын (эмгек акы фондунун же кирешесинин) эсебинен он жумуш куну үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө.

2. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен он биринчи жумуш күндөн тартып - айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1000 сом) социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан төмөнкүлөргө дайындалат жана төлөнөт:

 - бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу жашаган жана иштеген адамдарга эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө бардык жумушчу күндөр үчүн;

- жумушсуздун расмий статусу бар, иш менен камсыз кылуу кызматында эсепте турган адамдарга бардык жумушчу күндөр үчүн;

- төрөт ойдогудай болгондо узактыгы - 126 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 56 календарлык күн);

- татаал төрөт жана эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда - 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 70 календарлык күн).

Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төмөнкүчө берилет:

- төрөт ойдогудай болгондо узактыгы - 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 70 календарлык күн);

- татаал төрөт учурунда - 156 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 86 календарлык күн);

- эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда - 180 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 110 календарлык күн).

Кош бойлуулуктун 30 жумасына чейин төрөгөндө, эгерде:

- бала тирүү төрөлсө – 140 күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70 күн);

- бала өлүү төрөлсө же 7 күндүн ичинде чарчап калса - болгону 70 күнгө.

Үч айга чейинки курактагы баланы асырап алган учурда жөлөкпул - 70 календарлык күнгө, ал эми бир эле учурда эки жана андан ашык баланы асырап алган учурда 110 календарлык күнгө берилет. Мында жөлөкпул асырап алган күндөн тартып калган 70 же 110 календарлык күнгө берилет.

Саламаттыкты сактоо уюму берген эмгекке жарамсыздык баракчасы.

Эмгекке жарамсыздык баракчасы төмөнкүлөргө берилет:

             -  иштеп жаткан аялдар – негизги иштеген жери боюнча;

             - жумушсуз аялдар – социалдык өнүгүү башкармалыктарына.

Эгерде:

- жаран сот тарабынан дайынсыз жок деп табылса же өлгөн деп жарыяланса;

- өлгөн жаран Кыргыз Республикасынын эмгек мигранты болсо, жана чет өлкөдө жашап жана иштеп жүргөн болсо.

Кайрылуудан кийин эки жумадан кечиктирбестен, бирок кайтыш болгон күндөн жана өлгөндүгү жөнүндө маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен.

Арыз ээсинин каалоосу боюнча, эгерде өлгөн адамдын сөөгүн коюу Кыргыз Республикасынын башка регионунда жүргүзүлгөн болсо, анда сөөк коюуга жөлөкпул арыз ээсинин жашаган жери боюнча социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан төлөнүп берилиши мүмкүн.

Жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкүдөй категориялар үчүн өткөн календарлык жыл үчүн республика боюнча түзүлгөн орточо айлык эмгек акыга байланыштуу.

  • 100 пайыз (7189 с.) – иштеген адам каза болгон учурда;
  • 50 пайыз (3595 с.) орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө  - каза болгон учуру боюнча:

- патенттин негизинде же салык келишиминин негизинде иштеген жеке ишкер;

- юридикалык жак болуп түзүлбөгөн ДФЧнын башчысы же эрезеге жеткен мүчөсү;

- ишке орноштуруу кызматында эсепте турган жумушсуз адам;

- иштеген адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

  • 20 пайыз (1438 сом) – алардын үй-бүлө мүчөсү – багуудагы      адам  каза болгондугу боюнча;

- жеке ишкердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

- ДФЧнын башчысынын же эрезеге жеткен мүчөсүнүн багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

- жумушсуз адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.

Жөлөкпул республикалык бюджеттин же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

30 эсептик көрсөткүчүн (3000 с.) - социалдык жөлөкпул алган адам кайтыш болгон учурда;

20 пайыз - иштебеген адам кайтыш болгон учурда - өткөн календарлык жыл үчүн республикада түзүлгөн орточо эмгек акыдан.

Жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

- пенсионер каза болгон учур боюнча пенсиянын он эселенген базалык бөлүгү өлчөмүндө;

  - пенсионердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учур боюнча пенсиянын үч эселенген базалык бөлүгү өлчөмүндө.

- сөөк коюуга жөлөкпул төлөө жөнүндө арыз;

- каза болгондук жөнүндө маалымкат (түп нускасы) жана турган аймагына карабастан, мамлекеттик каттоо актылары (ЗАГС) тарабынан берилген кайтыш болгондук жөнүндө каза болгондук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- кайтыш болгон адамдын үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө жана анын акыркы жашаган жеринен маалымкат;

- арыз ээсинин жашаган (катталган) жерин көрсөтүү менен анын (сөөктү жерге жашырган адамдын) ким экенин тастыктаган документтин көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү, расымдык кызмат көрсөтүүлөр агенттигинен же айыл өкмөтүнөн, үй жана кварталдык комитеттен сөөк коюу фактысын ырастаган маалымкат.

- айрым учурларда кошумча түрдө башка документтер да берилет

Арыз жана тиешелүү документтер менен кайтыш болгон адамдын жашаган (катталган) жери боюнча райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу зарыл.

Жөлөкпулду үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандыгынын даражасына карабастан иш жүзүндө сөөк койгон башка адамдар ырастоочу документтерди берген учурда алат.

Жөлөкпул төмөнкүлөр кайтыш болгондо чектелет:

         - иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдарга же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- патент (салык контракты) боюнча иштеген жеке ишкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- дыйкан (фермер) чарбасынын (ДФЧ) мүчөсү болгон, анын ичинде жер үлүшүн ижарага берген жашы жеткен 18 жаштан тартып жана андан улуу же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- иш менен камсыз кылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, ошондой эле каттоодо турбаган жумушсуз жаран же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- иштебеген (жумушсуз) адамдарга;

- социалдык жөлөкпул алган адамдарга;

- пенсионерге же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө.

Ооба эсепке алабыз, анткени алар киреше берет. 2010-жылдан тартып жөлөкпулга муктаждыгын аныктоодо короо жайында бар айыл чарба жаныбарлар, алар уйлар жана козу-эчкилер, 2013-жылдан тартып жылкылар, кунажындар, букалар, торпоктор жана өгүздөр эсепке алына баштаган.

Маалымат катары:  эгерде үй-бүлө 1-9 мүчөдөн турса жана чарбасында 3 жана андан көп ую,  же 2 жана андан көп кунажыны, букасы, бир жаштан өткөн ургаачы торпогу жана өгүзү, же 2 жана андан көп жылкысы, же 25 жана андан көп кой-эчкиси болсо; эгерде үй-бүлө 10 жана андан көп мүчөдөн турса жана чарбасында        4 жана андан көп ую, же 3 жана андан көп кунажыны, букасы, бир жаштан өткөн ургаачы торпогу жана өгүзү, же 3 жана андан көп жылкысы, же 35 жана андан көп кой-эчкиси болсо жөлөкпул чектелбейт.

Үй-бүлөнүн кирешесинен пенсиялардын бардык түрлөрүн алып салуу маселелеси акыркы беш жылдын аралыгында кылдаттык менен иштелип жатат. Тилекке каршы, азыркы бюджеттин тартыштыгында, үй-бүлөнүн кирешесинен бардык пенсияларды алып салуу мүмкүнчүлүгү жок, анткени бул максаттарга кошумча 2,7 млрд. сом керектелет.        

Ошондуктан, биз биринчи этап менен, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өлчөмдөрү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон (1 500 сом)  пенсияларды жөлөкпулдарды дайындоодо үй-бүлөнүн кирешесинде эсепке алуудан алып салуу сунушталган.

Ушул толуктоолорду караган Мыйзам 2014-жылдын май айынан тартып күчүнө кирген.

Үй-бүлөдө жер үлүшүнүн бар болуусу бул үй-бүлөдө потенциалдуу кирешенин булактар бар экендиги тууралуу кабар берет.

Жер үлүштөрүнөн жана чарбак участокторунан түшкөн кирешелер Өкмөт тарабынан бекитилген, кирешенин ченемдери боюнча эсепке алынат.  

Айыл чарба жана мелиорация, Экономика, Каржы, Социалдык өнүгүү  министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери кирген Ведомстволук жумушчу топ тарабынан кирешелердин ченемдери иштелип чыгат.

Бирок, үй-бүлө ар дайым эле жер үлүшүн иштете албайт. Ошондуктан колдонуудагы ченемдик укуктук актыларда жер үлүшүнөн кирешелерди эсепке алуунун бир канча варианттары каралган.

- эгерде жер үлүшү ижарага берилсе, анда кирешеге ижара акысынын суммасы кошулат. 

-эгерде жер иштетилип жатса, анда кирешелер ченем боюнча эсептелет;

- эгерде жерди иштете албай жатса (мисалы, ата-энелери майып болгон же кичинекей балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой аял бар үй-бүлө болсо), анда жер үлүшүнөн үй-бүлөнүн кирешеси айыл-өкмөттүн комиссиясынын сунуштамасы боюнча эсепке алынбайт же үй-бүлө иштете ала турган абалда, ошол жер аянты гана эсепке алынат.  

Жакырчылыкты кыскартуу боюнча иш – бул экономиканын өнүгүшүнүн начардыгы, жумушсуздук, эмгек акынын төмөндүгү, айыл чарба тармагынын атаандаштыгынын жөндөмсүздүгү, майыптуулук, карылык, оору-илдеттин жогорку деңгээли, толук эмес үй-бүлөлөр, билим деңгээлденин төмөндүгү, аргасыз миграция, региондордун бирдей эмес өнүгүшү сыяктуу жакырчылыктын мындай себептерин четтетүүгө багытталган чаралардын комплекси.

         Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ жакырчылыкты кыскартууга багытталган чараларды өзүнө камтыйт.

Стратегияны жүзөгө ашырууга бардык министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык жана эл аралык коомчулук тартылган.

Иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырылса, жакырчылыктын деңгээлин 2017-жылга 37%дан 25%га чейин төмөндөтүү пландаштырылууда.

2014-жылдын 1-ноябрдан тартып кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) өлчөмү 640 сомдон 705 сомго чейин жогоруланган б.а. 10 %га. Кепилденген минималдуу кирешенин жардамы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү эсептелет. Ушул жылы кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) өлчөмүн 705 сомдон 810 сомго чейин жогорулатуу пландаштырылууда.  Ушул максатта бюджеттен  2 689,7 млн. сом каралган.

Төмөнкү категориядагы иштеген адам каза болгон учур боюнча өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акыдан көз каранды:

50% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө:

- патенттин негизинде же салык келишиминин негизинде иштеген жеке ишкер;

- юридикалык жак болуп түзүлбөгөн ДФЧнын башчысы же эрезеге жеткен мүчөсү;

- ишке орноштуруу кызматында эсепте турган жумушсуз адам;

- иштеген адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

 20% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө

- жеке ишкердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

- ДФЧнын башчысынын же эрезеге жеткен мүчөсүнүн багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

- жумушсуз адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.

Социалдык жөлөкпул алган жактар каза болгон учурда кепилденген төмөнкү кирешенин  беш эселенген өлчөмүндө.

Алгачкы 10 жумушчу күн үчүн  – айлык акынын 100% өлчөмүндө ( киреше),

с 11- жумушчу күндөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө  (1000 сом).

 Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу жашаган жана иштеген адамдарга эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө бардык жумушчу күндөр үчүн.

2) Айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан:

 - жумушсуздун расмий статусу бар иштебеген жарандарга – бардык жумушчу күндөр үчүн;

- патенттин негизинде (же салык келишими) иштеген жеке ишкерлерге – 11-жумушчу күндөн тартып;

- юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧ мүчөлөрүнө - 11-жумушчу күндөн тартып.

 Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жана иштеген аялдарга жөлөкпулду эсептөөдө кошумча коэффициенттер колдонулат. 

Иштеген аялдарга төмөнкүдөй учурда:

- алар берген арыз боюнча эмгек акыны сактабастан өргүүдө жүргөндө;

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөндө;

- эмгек акы төлөөнү токтотуу менен иштен (кызматтан) четтетүүдөн улам кызматкер иштебегенде;

- мезгилдүү медициналык текшерүүнү жүргүзгөндө, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарынын стационарына жаткырылганда;

- өндүрүштөн ажыратуу менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окууга байланыштуу берилген кошумча өргүүнүн учурунда;

- аскердик кызматка чакырылганда;

- аскердик же окуу жыйындарында;

- иштен укукка жат бошотуу жөнүндө талаштын учурунда;

- ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу мамлекетте каттоодо турбаган, иштебеген аялдарга.

- дайынсыз жок деп таанылган жана сот тараптан каза болгон деп жарыяланган адамдар;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерди (КМШ) кошо алганда чет өлкөдө жашаган жана иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын каза болгон адамдары, эмгек мигранттары.

         Чет мамлекеттердин тийиштүү органдары, анын ичинде КМШ катышуучу-мамлекеттер тарабынан берилген каза болгондук жөнүндө маалымкаттар Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн коюуга жөлөкпул төлөө үчүн негиз болуп эсептелбейт.

 Жөлөкпулду төлөө жана дайындоо мөөнөтү

         Кайрылганга эки жумадан ашпаган мөөнөттө, бирок каза болгондук тууралу маалымкат алты айдан ашпаган убакытта берилген учурда жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт.

1) Иштеген аялдарга:

- жумуш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган жактарга;

- жеке ишкерлерге;

- дыйкан (фермердик) чарбаларынын мүчөлөрүнө (фермерских) (ДФЧ).

2) Жумушсуздун расмий статусуна ээ болгон, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсепте турган жарандарга.

- сөөк коюуга жөлөкпул төлөө жөнүндө арыз;

- каза болгондук жөнүндө маалымкат же турган аймагына карабастан жарандык абалды мамлекеттик каттоо актылары (ЗАГС) органы тарабынан берилген каза болгондук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын акыркы жашаган жеринен жана анын үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

- арыз берүүчүнүн (сөөктү койгон адамдын) жашаган жерин (каттоосун) көрсөтүү менен анын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен чындыгында сөөктү койгон фактыны тастыктаган расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) маалымкат.

- ойдогудай төрөттүн учурунда узактыгы 126 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 56 календарлык күн);

 - татаал төрөт жана эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда - 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 70 календарлык күн).

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси

Биринчи жолу протездөө үчүн ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын паспорту, кайсы топтогу майыптыгын күбөлөндүрүүчү медициналык маалымкаты жана дарыгердин жолдомосу бар документтери зарыл. Советтик Армиянын майыптарын, согуштун жана тылдын ардагерлерин тейлөөдө, аларды тастыктаган жеңилдик күбөлүктөрү талап кылынат.

Биринчи жолу протездөө үчүн буту же колу ампутацияга учураган адам, кесилген молток (культя) шишип же кандайдыр бир оорутууну жаратпаса, алты айдан кийин РПОБМго кайрылса болот

Кайрылган адамдардын медициналык маалымкатынын жана согуштун, тылдын ардагерлеринин жеңилдик күбөлүктөрүнүн негизинде баардык протездик-ортопедиялык буюмдар, ошонун ичинде немецтик “Отто Бокк” протездери да акысыз жасалат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө»                  № 469-токтомуна ылайык, кресло-коляска ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген адамдарга 5 жылдык мөөнөткө акысыз берилет. 
Кресло-коляска алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
- арыз;
«майыптык кресло-коляскага муктаж» деген жазуусу бар медициналык социалдык эксперттик  комиссиясынын (МСЭК) корутундусун.
- жашаган жеринен маалымкат.

Ооба, бар. РПОБМда “Отто Бокк” фирмасынын технологиясы боюнча буттардын заманбап немецтик протездери жасалат.

Республиканын алыскы райондорунда жашаган ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, алардын социалдык-тиричилик шарттардын эске алып, аларга жардам көрсөтүү иретинде алыскы райондордо протездик-ортопедиялык бумдарды ремонттоо иштерин жасоо үчүн атайын устаканалар ачылган. Алардын дареги, Ысык-Көл областы, Балыкчы шаары

Нарын областы, Нарын шаары,

Талас областы, Бакай-Ата айылы,

РПОБМдо протездик-ортопедиялык буюмдардын төмөнкүдөй түрлөрү жасалат.

-      Колдун протездри (механикалык жана косметикалык түрлөрү)

-      Буттун протездери (жыгач, булгаары, немецтик)

-      Фиксациялоочу аппараттар, лангеттер.

-      Бандаж буюмдары (корсет, реклинатор, бандажтар)

-      Татаал жана орточо татаал түрүндөгү ортопедиялык бут кийимдер, протездер үчүн бут кийимдер, батектер