Бишкекте КРнын ЭСӨМ системасынын 130 кызматкерлерине семинар окутуу өттү
Submitted by pressa_kg on Sun, 02/17/2019 - 19:32КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу территориалдык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын, райондор аралык медико-социалдык экспертизалоо комиссияларынын, социалдык стационардык мекемелердин жетекчилерине семинар уюштурулду. Анда 130 адам катышып, төмөнкү маселелер боюнча презентациялар жазалды:
- терроризм, радикализм жана экстремизм үчүн соттолгондорго реабилитация системасын түзүү боюнча учурдагы кырдаалды талдоо;
- Кыргызстанда радикалдашуунун алдын алуу боюнча суроолор;
- 2018-2028-жылдары “Үй-бүлө жана балдарды колдоо боюнча" КРнын Өкмөтүнүн программасынын алкагында 2019-2024-жылдарга карата балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ведомство аралык иш планы;
- расымдык (сөөк коюуга), кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоонун, акчалай компенсацияларды төлөөнүн тартибине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө;
- МККнын аймактык бөлүмдөрү аркылуу бир жолку төлөнүүчү “Балага сүйүнчү” боюнча суроолор.
Бул окутуу семинар БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.