Жөлөкпул алуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Арыз жана тиешелүү документтер менен кайтыш болгон адамдын жашаган (катталган) жери боюнча райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу зарыл.

Жөлөкпулду үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандыгынын даражасына карабастан иш жүзүндө сөөк койгон башка адамдар ырастоочу документтерди берген учурда алат.